Ала качуунун курмандыгы болуп, киши колдуу каза тапкан Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу анын жакындарына кенемте төлөө боюнча ишти кароо 16-августка жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.
Буга чейин жактоочу Нурбек Токтакунов 10-августта Жогорку Сотто боло турган отурум боюнча видео кайрылуу жасаган.
“Кылмыш-жаза кодекси моралдык зыян үчүн акчалай айыптын өлчөмүн 100 миң сом менен чектейт. Ал тургай киши өлтүрүү үчүн. Бул болжол менен судьянын бир айлык маянасы.
Бул сумма боюнча өзүнчө маселе. Ал эми бул жерде соттор жабырлануучуга төлөнчү кенемте 100 миң сомдон ашпашы керек деп карап жатышат. Анда соттолгон беш кишиге 20 миң сомдон бөлүнүп калат экен. Бирок бул чек жабырлануучу үчүн эмес, жеке кылмышкер үчүн белгиленген. Демек аялды 1 адам зордуктаса моралдык зыяны үчүн 100 миң сом алышы мүмкүн, бирок 10 киши зордуктаса 10 миң сом, 100 киши зордуктаса 1000 сомдон гана төлөйт экен да. Канчалык көп шериктеш болсо, ошончолук жаза азаят.
Ай сайын адам өлтүргөндүгү үчүн моралдык компенсацияга барабар өлчөмдө маяна алып жаткан соттордун мындай чечими “акылга сыйбай турган адилеттүүлүк”, - дейт жактоочу.
Эске салсак, Айзада Канатбекованын 2021-жылдын 5-апрелинде Бишкектин чок ортосунан бир нече жаран унаага күчтөп салып кетишкен. Эки күндөн кийин 7-апрелде Чүйдүн Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада токтоп турган унаадын кыздын сөөгү табылган. Кыздын сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилген.
Бишкек шаардык милициясы кызды уурдоого шектүү Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген. Тергөөдө ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталган. Ал эми Айзаданы ала качууга көмөктөшкөндөр 6-7 жылга соттолушкан.
Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөрүлгөн.