Ноокенде заманбап милициянын аймактык пункту курулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында Момбеков айыл аймагында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык пункту курулду.
Заманбап имаратка 4 сотых жер бөлүнүп, Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтү тарабынан каржыланган. Милиция пункту Бишкек-Ош автожолунун боюнда жайгашып, трасса аркылуу каттаган сырткы жана ички туристтердин, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алат.
"Имараттын сыртына видеокамералар орнотулуп, нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлдөгөн компьютерге туташтырылган. Заманбап эшик, терезелер коюлуп, сырткы көрүнүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Административдик камера жасалып, темир эшик менен бекитилди. Кызматкерлер эс алуучу бөлмө даярдалды. Имарат ичине аристон орнотулуп, заманбап жуунуучу кабина, кол жуучуу жайлар жайгаштырылды. Милициянын аймактык пункту жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет", - деп жазылган маалыматта.