Бүгүн, 2-ноябрда, Талас шаарындагы жаңы ачылган “Талас Арена” стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын Жогорку лигасынын 29-турунун алкагында “Талант” жана “Азия” командалары беттешти.
Оюндун жыйынтыгында “Азия” командасы атаандашын 4:2 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек, бул “Талас Арена” стадионунда өткөн алгачкы футболдук беттеш болду.