Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жаралган ыңгайсыздыктар үчүн жашоочулардан кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал жамгырдан кийин жабыр тарткан аймактарды калыбына келтирүү боюнча өтүп жаткан жыйында кечирим сураган.
Анын айтымында, жамгырдын кесепетинен жабыр тарткан аймактарды тез арада калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле ал нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен каза болгон үй-бүлө (психикалык жактан жабыркаган) жашаган жерге барган.
Белгилей кетсек, 8-августта Түштүк Кореяда акыркы 80 жылдан бери каттала элек нөшөрлүү жамгыр жаап, анын кесепетинен 9 адам курман болду. Ошондой эле 7 адам дайынсыз болуп изделүүдө. Учурда кыйраган турак үйлөр, мекемелер, жолдор оңдолуп жатканы айтылат маалыматта.