Таиланд Шри-Ланканын мурдагы президенти Готабаи Ражапаксадан өлкөгө кирүү өтүнүчүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ражапакса учурда Сингапурда. Таиланддын Тышкы иштер министрлиги Шри-Ланканын дипломатиялык паспортунун ээси катары Ражапакса Таиландга 90 күнгө чейин визасыз кире аларын, бул убактылуу экенин жана мурдагы президент саясий башпаанек сурабаганын баса белгилеген.
Таиланд Ражапакса июлда Шри-Ланкадан качып кеткенден кийин барган экинчи өлкө болуп калат.
Белгилей өтсөк, 22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланканын борбору Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан.
Нааразычылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы эгемендүүлүк алгандан бери болуп көрбөгөндөй кризисти башынан кечирүүдө. Азык-түлүк, дары-дармекке болгон таңкыстык жаралып, өлкө тышкы карызын төлөй албай оор абалга кептелген. Өлкөсүн таштай качкан Шри-Ланканын президенти Готабаи Ражапакса Мальдив аралдарынан Сингапурга учуп барган.