КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жөлөк пулун жогорулатуу боюнча атайын долбоор иштеп чыкты

КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулун жогорулатуу боюнча атайын долбоор иштеп чыкты. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаарында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга белектерди тапшыруу учурунда билдирди.

"Учурда Кыргызстанда жалпысынан 149 800 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашаса, алардын 25 800үн балдар түзөт. Айрымдарынын кыймылдоого мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, ар дайым жанында бир адам карап турушу керек. Же атасы, же энеси, болбосо Социалдык министрлигинин кызматкери. Аларды караган адам ар дайым үйдө отургандыктан, башка жумушта иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондон улам аларга айлык төлөйлү деген демилге көтөргөнбүз. Эсептей келсек, төлөнгөн айлыктын 20-25 пайызы салыкка кетип калат экен. Мындан улам бул долбоорубуз ишке ашпай калды. Анан 2013-жылдын май айында Каржы министрлигине ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулун 50-80 пайызга чейин көтөрүп берүүсүн өтүнүп кат жолдогонбуз. Бирок министрлик көрсөтүлгөн сумма жок экендигин айтып, өтүнүчүбүз канааттандырылган эмес. Кайра эле 2013-жылдын ноябрь айынын орто ченинде Каржы министрлигине кайрылып, бул тууралуу өз пикириңерди билдиргиле деп кат жолдодук. Учурда Каржы министрлигинен жооп күтүп жатабыз. Жооп келген соң ошого карата иш алпарабыз”,- дейт Эрик Күйкеев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан