Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын директору кызматына талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Театрдын башкы директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
- “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш стажы 3 жылдан кем эмес же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими:
гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын өнүктүрүү программасы;
- резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- кадрларды эсепке алуу баракчасы;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); - паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 20-августуна чейин тапшырылууга тийиш (саат 18:00 чейин).
Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78, №1 кабинет (саат 9.00дөн 18.00гө чейин), байланыш телефону: +996 312 662683.