Бүгүн, 4-декабрда Ноокат районунун аксакалдары 2-декабрда өткөн митингге байланыштуу Ош шаарынын мэрин колдоого келишти. Мелис Мырзакматов келген аксакалдарды кабыл алып, алардын айткандарына назар салды.
“Сиздердин келип, мага колдоо көрсөткөнүңүздөр мен үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Сиздерге рахмат, кымбаттуу аксакалдар. Сиздердин колдооңуздар мага өзгөчө дем-күч берип, Ош шаарынын жана Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылуумду күчөттү”,- деди Мелисбек Мырзакматов өз сөзүндө.
Ноокат районунан келген аксакалдар: “Биз гезиттерди окуп, сыналгы көрүп жатып Алмазбек Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатына тынчсызданып турабыз. Аны президент кылып эл шайлаган, келечекти ишенип тапшырган, эл үчүн иштеп, коррупцияга каршы күрөшүүдө бирдиктүү саясат жүргүзсүн”,- дешти бир ооздон.
Мындан сырткары аксакалдар башка саясатчылардын Ош шаарынын мэринин жетишкен ийгиликтерин жакшы кабылдабай жатышканын маалымдашты. “Кыргызда алгылыктуу, көзгө көрүнөрлүк иш алып барган, өзүн ар тараптан мыкты көрсөткөн адамдарды буттан чалмай адаты бар. Биз райондон келип, күлгө айланган шаардын гүлгө айланганын көрүп суктанып турабыз” деп кошумчалашкан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.