Казакстанда мас келин баласын кароосуз отургучка калтырып койду

Казакстандын Актөбе аймагында мас абалындагы аял кичинекей баласын отургучка калтырып койду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 11-августта болгон. Анда полиция бөлүмүнө аял кичинекей баланы алып келген. Айтымында, бала 8-Март көчөсүндөгү отургучта кароосуз калып, ыйлап жаткан. Ал эми апасы мас абалында болгон жана баласын таштап коюп белгисиз тарапка кетип калган.

Полиция кызматкерлери "Тез жардам" кызматын чакырып, баланын абалын текшерген соң, балдар үйүнө алып кетишкен. 1 сааттан кийин полиция кызматына 25 жаштагы келин чалып, баласы жоголгонун айткан. Келин баласы менен аз камсыз үй-бүлө катары каттоого алынды жана учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан