
Жалал-Абад облусунда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына 61 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, тестирлөөгө 220 талапкер катышкан.
"Сынакка 314 талапкер документ жиберип, анын 94ү документтерин толук тапшырбагандыктан экинчи этапка өткөн жок.
Компьютердик тестирлөөгө 220 адам катышып, 61 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду", - деп айтылат маалыматта.
Тестирлөө Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлдү.