Бүгүн, 4-декабрда ЕККУнун кеңсесинин алдында Курманбек Бакиевди алып келүү талабы менен пикет болуп өттү. Бул туурасында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров билдирди.
Токтонасыровдун айтымында, өзү Курманбек Бакиевдин сүрөтү тартылган бет кап кийип, “Андижан полькасын” бийлеген. Пикетке укук коргоочудан башка эч ким катышкан эмес.
“Мен көптөн бери Бакиевди Кыргызстанга алып келүү маселеси менен алпурушуп келем. Бирок эч кандай натыйжа жок. Эл аралык уюмдар адам укуктары деп сүйлөшөт. Бирок алар иш жүзүндө эч нерсе кылышпайт”,- деди Өндүрүш Токтонасыров.
Ошондой эле укук коргоочу эртең, 5-декабрда БУУнун алдында жогорудагы талап менен пикетке чыгат.