2014-жылдан тарта жатак-үйлөрүндө жашагандардын бир күндүк тамак-ашынын суммасы жогорулайт

2014-жылдан тарта КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу жатак-үйүнүн тургундарына бериле турган тамак-аштын суммасы көбөйөт. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаарында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга белектерди тапшыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу 14 жатак-үй бар. Алардын 7өөсү карылардыкы, 5өөсү психологиялык-неврологиялык ооруларга кабылгандардыкы болсо, 2өөсү балдардын жатак-үйү.
"Бул жатак-үйлөрдө жашаган чоң адамдардын бир күндүк тамак-ашына 55 сом, балдардыкына болсо 60 сом бөлүнөт. Аталган министрликтин иш-аракетинин натыйжасында 2014-жылдын январь айынан тарта чоңдордун бир күндүк тамак-ашына 100 сом, балдардага болсо 110 сом бөлүнө баштайт",- деп билдирди социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев өз сөзүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан