Бүгүн, 11-августта Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болду.
Белгилүү болгондой, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта атаандашы гвенеялык балбанды 11:00 эсебинде утуп, жеңишти камсыздаган.
Буга чейин Ислам тилектештиги оюндарында 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев алтын медалга ээ болгон.