Өлкөдө КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринчи “Келечек” жаштар форуму өтөт

25-26-августта КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринчи “Келечек” жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумдун максаты КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин өнүктүрүүгө, жаштардын демилгелерин ишке ашырууга, өсүп келе жаткан муундун коомдук жана кесипкөй жөндөмдөрүн өрчүтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп эсептелет.

"Форумга КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн: мамлекеттик сектордрон, креативдүү индустрия, билим берүү жана илим, ишкерлер, коомдук жана маданият ишмерлеринен 200дөн ашык жаш өкүлдөрү катышат.

Ошондой эле форумдун катышуучуларына кыргыздын маданий мурастары боюнча программа тартууланып, ошол эле учурда берметибиз Ысык-Көлдүн жээгинде оюн-зоок программасы уюштурулат.

Мындай форматтагы иш-чара президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен биринчи жолу өтүп жатат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан