Статком: Кыргызстанда кылмышкерлердин саны азаюуда

Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде кылмыш жасаган эркектердин саны азаюуда. Бул тууралуу бүгүн 4-декабрда Улуттук статистика комитети билдирди. 
Ички иштер министринин маалыматы боюнча, 2012- жылы 15 691 кылмыш жасалган. Анын 2043ү аялдар тарабынан, 13 648и эркектер тарабынан жасалган. Ал эми 2011-жылы аялдар 1818, эркектер 14 065 кылмыш ишине барышкан. 2000-жылы кылмыштын саны 20 963тү түзүп, анын 2693ү аялдар тарабынан жасалганы белгилүү болгон. 
Мыйзамга каршы жасалган иштер боюнча Бишкек алдынкы орунда турат. Өткөн жылы кылмышкерлердин саны 4161 деп эсептелген. Кылмыштуулук аз катталган облус болуп Нарын табылган. Аталган облуста 2012-жылы 484 кылмышкер катталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан