Чүйдө таенесине таарынып үйүнөн чыгып кеткен 15 жаштагы кыз табылды

Таенесине таарынып үйүнөн чыгып кеткен 15 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз 8-август күнү Сокулуктагы үйүнөн чыгып кеткен. Жакын туугандары кызды издеп, анын телефону аркылуу кайсы жакта экенин аныкташып, Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынын директоруна чалып небересин издѳѳсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүсүн ѳтүнгѳн.

Ден соолукту чыңдоочу жайдын директору ИИМге маалымат берип, 10-август күнү болжол менен түнкү саат 00:30дар чамасында кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан таап, Чолпон-Ата шаарынын ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын инспекторуна ѳткѳрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан