Бүгүн, 4-декабрда КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга белектерди тапшырды. Бул иш-чара Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулган.
Иш-чарада социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев Бишкекте жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эки адамдын үйүнө барды. Алар 1947-жылы туулган 1-топтогу майып Закиров Зарылбек жана Любовь Загребалова. Министрлик атынан аларга микротолкундуу меш, коляска жана азык-түлүктөр тапшырылды.
Министрдин орун басары бул иштердин баары социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.