Кечээ, 11-августта Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болду.
Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта атаандашы гвенеялык балбанды 11:0 эсебинде утуп, жеңишти камсыздаган. Жеңиштен соң балбан кыз беттеш тууралуу комментарий берди.
"Азия чемпионатынан кийин бутумдан жаракат алгандыгыма байланыштуу бир нече эл аралык мелдештерге катыша албадым. Бирок дүйнөлүк чемпионаттын алдында турнир катары жеке машыктыруучум менен биргеликте ислам оюндарына катышалы деп чечим чыгарганбыз. Туура кылдык деп эсептейм. Дайын эмес болчумун ага карабастан алтын медалды моюнума илип турам. Кубандым, сүйүндүм. Ошондой эле бардык кыргызстандыктарга, биздин мамлекетке - дайыма ишенип, колдоп келгенине ыраазычылык билдирем.
Ислам оюндарына үчүнчү жолу катышып жатам. Биринчи жолу Баку шаарында болгон, анда алтын медаль тагынгам, кийинкиси Ашхабад шаарында болгон. Анда экинчи орун алып калган элем. Анткени колуман жаракат алгандыктан жакшы күрөшө алган эмесмин.
Мында дагы ичимде ой-толгоолор болду. Машыгып баштаганыма бир айдын жүзү гана болгон", - деди Тыныбекова.