SUPER.KG порталынын "Мен көргөн бир күн" рубрикасында бул жолу Сокулук райондук ооруканада жана Сокулук райондук санэпидемстанцияда дарыгер-иммунолог болуп эмгектенип келе жаткан Алтынай Каныметова кесибине байланыштуу башынан өткөн кызыктуу окуяларын айтып берди.
Аргасыз тапшырып, кызыгып калдым...
"Негизи мен мектепте окуп жүргөндө мугалим же котормочу болом дечүмүн. 10-11-класстарда химия, биология сабактарынан олимпиадаларга катышып, алдынкы орундарды алганымда ата-энем медицина жаатына шыгым бар экенин айтып, жогорку окуу жайга тапшыртышты. Окууга өткөн жокмун. Ага карабай жогорку окуу жайдын алдындагы курска жетелеп алып барды. Эртеси өтүп кеткенимди билип бара баштадым. Окуу башталгандагы алгачкы бир айда көңүлүм жок, окуган эмесмин. Кийинчерээк "бул окуй албайт, алып кете албайт" деген сөздөрдү угуп чыйралдым. Окуган сайын кызыгуум артып, бир да күн сабакты калтырбай барып жүрүп, кантип 8-9 жыл өткөнүн байкабай калыптырмын".
Пандемияга байланыштуу үйгө барбай жүрдүк.
"Биз окуп жүргөндө окутуучулар "булар келечектеги башкы дарыгерлер, документтер менен иштешет, айып пул салышат" деп айта беришип, чын эле ошондой экен деп ишенип алыптырмын. Кыргыздар дарыгерлер жакшы акча табат десе ошондой деп ойлогом.
Мен иштеп баштаганда эле коронавирус пандемиясы башталып калды. Күнү-түнү чек ара пунктунда сырттан келген жарандарды текшере баштадык. Дене табы көтөрүлсө обсервацияга жөнөттүк. Чет жерден келгендерди үйүнө барып текшеребиз. Пандемияга байланыштуу үйгө барбай жүрдүк, ошондо аябай депрессияга кабылдым. Эмнеге банк кызматкерлериндей болуп сегизден алтыга чейин иштеп кетип калбайм деп ыйлап жүрдүм"
"Силер убагында келе алган жоксуңар" деп ыйлашты.
"Мобилдик бригадада иштеп жатканымда Манас айылынын тургундары бизди жардамга чакырып калышты. Эртең менен тогузда чалышкан. Кезек жетпей жатып саат он экилерде жеттик. Барсак ооруп жаткан киши каза болуп, боз үй тигилип калыптыр. Кыздары "силер убагында келе алган жоксуңар" деп ыйлашты. Ошондой учурларда катуу стресс алдым, ал адамдардын элестери көпкө чейин кетпей жүрдү.
Бир жолу улуу эле тааныш ага коронавирус болуп калыптыр. 4-5 күн ийне сайдым. Эртеси таңкы саат 5терде барсам аябай тердеп, алы жок жатат. Түрүнөн коркуп сыртка чыктым. Эмне кыларымды билбей башка дарыгерге чалдым. Ал ийнени кан тамырына сайышым керек экенин айтты. Мен кан токтобой калышы мүмкүн деп коркуп жатып сайдым. Чыгып алып үйүнөн алыстай албай, үйдүн бурчунда турдум. Ал кишиге бир нерсе болсо, мен күнөөлүү болом деп ыйлап жатканыма 45 мүнөттөй өтүптүр. Бир саат өтүп калганда аялы чалды. Телефонумду алгандан коркуп жатып акыры алдым. Ооруп жаткан аганын дене табы түшүп, басып, тамактанып калыптыр. Ошондо гана өзүмө келдим", - деп башынан өткөн окуяларын баяндап берди.