Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Раззаков атындагы мектептин курулуш иштери менен таанышышты.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, анда курулуш иштерин бүтүрүү үчүн аталган объектти Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүү үчүн тиешелүү документтерди даярдоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, бул мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, учурда мектептин курулушун бүткөрүүгө каражаттын жоктугунан иш токтоп турат. Мектеп Черемушка кичи районунда жайгашкан.
"Андан ары тиешелүү документтери жок иштеп, кызыл сызыкка чыгып кеткен бир катар коомдук тамактануу жайларын көрүштү. Ошондой эле Сулайман-Тоонун буфердик аймагында жайгашкан жана тиешелүү нормаларды бузуу менен салынып жаткан көп кабаттуу үйлөргө да барышты.
Тиешелүү шаар куруу бөлүмдөрүнө аталган объектилер боюнча мындан ары чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоо тапшырылды", - деп билдиришет мэриядан.