Бул жолу Түркиянын жаныбарларга болгон сүйүүсү жана камкордугу жөнүндө сөз кылабыз. Тактап кетсек, Түркиянын Ван шаарында гана жашаган кардай аппак, эки көзү ар башка түстө болгон Ван мышыктары тууралуу айтып беребиз.
Ван мышыктары Түркиянын эң негизги кооз жаныбарларынын бири болуп эсептелинет. Мамлекет тарабынан аталган мышыктарга өзгөчө көңүл бурулуп турат. Алардын популярдуулугун сактап калуу, генетикасын изилдөө үчүн өкмөт атайын "VAN Kedisi" (VAN KEDISI) изилдөө борборун ачкан.
"Ван Кедиси" борбору XX кылымдын аягында ишке кирген. Ал жакта мышыктарды 24 саат бою карап, ооругандарды дарылап, алардын түрлөрүн бөлүп, жайлуу жашоосу үчүн шарттарды түзүп келишет. Мышыктын бул түрү расмий түрдө Түркияда өзүнчө түр катары катталып жана экспорттоого тыюу салынган.
Ван мышыктары чоң, жүндөрү жибектей ак, денеси узун жана эки көзү ар башка түстө болот. Көпчүлүгүндө бир көзү көк, экинчиси сары (янтарь) түстө болсо, эки көзү тең бир түстө болгондору да бар. Мышыктар мыкты аңчылык жөндөмүнө ээ.
Ван шаарынын тургундары жана Van Cat Villa музейинин кызматкерлери мышыктарды сууда сүзгөндү жакшы көрөрүн айтышат. Ошонусу менен башкалардан айырмаланат дешет. Бул тууралуу эл арасында уламыш бар. Ал жөнүндө дагы айтабыз.
"Мышыктардын жүнү ак түстө болгондуктан, бат кирдеп турат. Мындан улам стресске кабылып, кулактары укпай калат. Ошондуктан мышыктарды сууга бат-бат жуунтуп турабыз жана алар башка мышыктарга караганда сууну жакшы көрүшөт. Ван шаары мышык сүйүүчүлөр үчүн өзгөчө жер!", - дейт музейдин кызматкери.
Түркиядагы сапарыбызда бизге уникалдуу Ван мышыктарын көрүү, аларды ойнотуу да буюрду. Ал жакта эл арасында эгерде эки башка түстөгү Ван мышыгын көзүн карасаң келечегиңди көрө аласың деген ишеним айтылып келет.
Баса белгилей өтсөк, исламда эң аздектелген жаныбарлардын бири – бул мышык. Мухаммед пайгамбардын (САВ) хадистеринде да мышыктар тууралуу жана аларга болгон мамилеси ар дайым абдан жакшы болгону айтылып келет.
Эшикте калган мышыктарга кам көрүп жана аларды сыйлаган Түркия өлкөсүнө өзгөчө ыраазычылык айта кетсе да болот.
Ар кайсы өлкөдөн журналисттерди чакырып медиатур уюштурганы, Түркияны жакындан таанууга мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн «Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлигине жана Түркия Туризмди өнүктүрүү агенттигине (TGA)» ыраазычылык билдиребиз!