"Президент үйдү берип калса кээде сизге эс алып кетүүгө уруксат беребиз". Анжелика Сеид Атамбаевге жооп кайтарды

Ырчы Анжелика мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаевге жооп кайтарды.

"Атамбаевдин үйү мага кереги жок. Мыйзамсыз курулган ал имараттын азыр ээси жок! Себеби соттун чечими менен ал мамлекетке өткөн. Ээси жок ал имаратты мен ажобуздан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүү иретинде убактылуу колдонууга берүүсүн сурандым! Сеид Атамбаев мени "өлгөн жаныбарларды жеген канаттууга" жөн жерден салыштырганы өтө эле туура эмес. Мен ага капа болгон жокмун. Адамдын оозунан кандай сөз чыкса, ал анын ички дүйнөсү, тарбиясынын күзгүсү, деңгээлин көрсөтөт", - деп жазган Анжелика.

Ошондой эле ал Атамбаевдердин үй-бүлөсү тууралуу сөз кылбаганын, болгону анын мамлекетке өткөн үйүн убактылуу колдонууга сураганын кошумчалай кеткен.

"Соттун чечими менен Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекеттин эсебине өткөн соң, биз убактылуу болсо дагы, колдонууга сурандык! Мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой энелердин суранычына тарбияңызды көрсөтүп, мындай жооп бергениңиз өкүнүчтүү! Мен Атамбаевдердин үй-бүлөсү тууралуу ооз ачкан дагы эмесмин. Сеид мырза тескерисинче бизди колдоп койсо жарашмак!

Садыр Жапаров эгерде ал имаратты ДЦП балдарга реабилитациялык борборго берип калса, сизди келип кээде эс алып турушуңузга уруксат беребиз!" - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Анжелика президент Садыр Жапаровго Атамбаевдин үйүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүүнү суранып, кайрылуу жолдогон.

Андан кийин анын кайрылуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев Кой-Таштагы үйүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүү боюнча өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА