Бишкек шаарынын мэри ким болушу мүмкүн?

Башкы прокуратура Бишкек мэри Иса Өмүркуловго кылмыш ишин козгоп, учурда териштирүү жүрүп жатат. Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында депутат Данияр Тербишалиев “өкмөт кош стандарттуу мамиле кылбай, Иса Өмүркуловду кызматтан четтетиши керек. Башка адамдарга кылмыш иши козголсо, иштен алынып жатат го” деген билдирүү жасады. Көп өтпөй мэр Иса Өмүркуловдун өз каалоосу менен кызматтан кеткени белгилүү болду. Өмүрбек Текебаев демилгелеген "Бишкек жана Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамга президент кол койсо, анда шаар башчылыгына мурункудай президент эмес, шаардык кеңештеги фракциялар менен өкмөт башчы талапкер сунуштоого жол ачылат. "Бишкекке ким мэр болушу мүмкүн?" деген суроо азыр күчүндө. 

Улукбек Кочкоров, ЖКнын депутаты:

- Мэр ким болушу тууралуу эч нерсе айта албайм, ойго келбеген эле иштер болуп кетүүдө. Кимди шайлашат, ошол шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция өздөрү чечсин. Айтарым, колу таза, көйгөйлөрдү көрө билген, эл менен иштеше алган бирөө келсе. Партиялык кызыкчылык менен шаар башчысын шайлоо туура эмес. Анан да тажрыйбалуу жырткыч келип өз чөнтөгүн толтургандан көрө, тажрыйбасы азыраак болсо да таза, жаш муундун өкүлү шаар башчысы болуп дайындалышын колдойм.

 

Табылды Акеров, серепчи:

- Менимче, бул орунга Марат Аманкулов келиши мүмкүн (Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы). Анткени ал КСДПны шаардык кеңешке шайлоодо алдыга сүйрөп, жыйынтыгы жаман болгон жок. Шаардык кеңешти жетектеп, бишкектиктердин алдында бир топ милдеттемелерди моюнга алган. Аларда аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү турат. Экинчиден, М.Аманкулов мэр болсо, шаардык кеңеш менен тил табышып иштеп кетүүгө жол ачылат. Башка бирөө келсе, Аманкуловдой шаардык кеңештин тилин таба билиши оорчулук жаратышы мүмкүн.  

Иса Өмүркулов деле шаар үчүн аракет кылды, бирок бишкектиктердин купулуна толо албады.  

 Мавлян Аскарбеков, активист:  

- Мэрликке азыркы бийликке ыңгайлуу, айтканынан чыкпаган, бир сөз менен айтканда, Иса Өмүркуловго окшогон бирөө келет. Атын атабай эле коёюн. Мэр шайлоо ачык түрдө өтүп, шаар башчысын эл шайлаганда гана өнүгүү болот. Жаңыча ой жүгүрткөн жаш, таза муундун командасы келсе, Бишкек шаарын өнүктүрүү 2 жылдык эле иш. Бир нерсени белгилеп коюш керек, шаар башчысын алмаштыруу менен өзгөрүү болбойт. Азыркы шаардагы баш аламандык, мыйзамсыз иштерге 5 вице-мэрдин да тиешеси чоң. Шаардык бийликтин жетекчилигин комплекстүү түрдө алмаштыруу учурдун талабы болуп турат.  

 Мирлан Жээнчороев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты "Республика":

- Иса Өмүркуловдун отставкасын премьер-министр канааттандыра элек, андыктан болочок талапкер тууралуу сөз кылышыбыз туура эмес. Талапкерди өкмөт башчы жана шаардык кеңештеги фракциялар сунуштайт. Биздин фракция да сөзсүз түрдө өз талапкерин сунуштайт. Ооба, социалдык түйүндөрдө Өмүрбек Бабановдун ысымы аталууда. Балким... Кимди талапкер кылабыз, бул “Республика” фракциясынын саясий кеңешинин жыйынында чечилет.

 

 Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты:

 

- Мэрдин ким болушун премьер-министр менен шаардык кеңеш чечет. Кимиси мэр болсо да мага айырмасы жок, эң башкысы таза, шаар үчүн иштеп бере турган адам келсин. Ооба, талапкер болушу мүмкүн деп менин атым да айтылууда. Менин ал кызматка бара турган оюм жок, демек, талапкер болбойм. Менин талапкерлигим сунушталбайт деп айта алам. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан