Бишкекте "Биз коррупциясы жок өлкө үчүн" аттуу акция өтөт

Борбордогу "Бишкек парк" соода борборунда 6-декабрь күнү саат 17:00дө "Биз коррупциясы жок өлкө үчүн", ал эми 9-декабрда болсо "Коррупцияны жеңебиз!" аттуу мобилдик акция өтөт. Бул тууралуу "Мен Кыргызстанды сүйөм" жаштар кыймылынын өкүлдөрү билдиришти. 
Иш-чара 9-декабрь - Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлөт. Бул күн жыл сайын Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен ЮСАИД-ПРООНдун долбоорунун колдоосунда белгиленип келет. Акциянын жүрүшүндө ар кандай сынактар өткөрүлүп, уюштуруучулар тарабынан байгелер берилет. 
Ал эми 9-декабрдагы "Коррупцияны жеңебиз!" мобилдик акциясында “коррупцияга каршы” аталышындагы автобус шаар көчөлөрүн айланып, уюштуруучулар айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө коррупция тууралуу китепчелерди таркатышат.
Бул акциялар коомчулуктун көңүлүн коррупция маселесине буруу жана активдүү жашоо образын түзүүгө багытталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан