УКМКнын СИЗОсунда каза болгондор боюнча комиссия ишин аяктады

УКМКнын СИЗОсунда каза тапкан Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаевдин өлүмүнүн фактыларын иликтөө боюнча жумушчу комиссия ишин аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Көрсөтмөгө ылайык, комиссия мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, тергөө амалдары жүрүп жаткан камакка алынгандардын өздүк иштери, видеокөзөмөлдөөлөрдүн жазуулары менен танышууга, ошондой эле УКМКнын кызматкерлери, тергөө абагында кармалып турган адамдар менен байланышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

"Комиссия өз ишинин жүрүшүндө 12 отурум өткөрсө, анын беши УКМКнын СИЗОсунда, жетөө өкмөт үйүндө болду.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, Б.Асанбаев менен М.Казакпаев камакта болгон учурдагы СИЗОнун байкоочу камералардагы жазуусу, тергөө абагынын эсеп-кысап документтери көрүлдү. Аны менен катар каза болгон адамдар менен чогуу кармалгандар, СИЗОнун кызматкерлери суралып, бул кылмыш иштерин тергеген УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү менен баарлашуу болду", - деп жазылган маалыматта.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча комиссия Асанбаев менен Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө алып келген жагдайлардын трагедиялуу айкалышы жөнүндө алдын ала корутундуга келген.

Ушундай иштердин кайталанбашы учун комиссия зарыл чаралардын комплексин сунуш кылды.

"Министрлер кабинети мамлекет башчысынын тапшырмасы менен убактылуу кармоочу жайды, СИЗОну жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда. Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот", - деген комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан