Бишкектин Шүкүров көчөсүндө тосмолорду демонтаждоо иштери уланууда

Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шүкүров көчөсүндөгү үйлөрдүн тосмолорун демонтаждоо иштери уланууда.

Эске салсак, аталган көчөдө Кытай Эл республикасынын өкмөтүнүн грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жолду оңдоп-түзөө жүргүзүлүүдө. Бардыгы болуп 71 объект бар. Бүгүнкү күндө 15и үй ээлери тарабынан өз ыктыяры менен бузулду.

Инспекторлор тарабынан 5 тосмо, 2 темир тосмо, 1 темир күркө алынды. Мындан тышкары дагы 15 объектинин ээлери өз ыктыяры менен бузууга кепилдик жазып беришти. Ошондой эле инспекторлор Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишин мыйзамсыз орнотулган күркөдөн бошотту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан