Кереметтүү жылмаюу жана дени сак тиштер бизге өзүнө болгон ишенимди тартуулайт. Ал эми SUPER.KG порталы стоматолог Эрбол Эмилбековдон тишке күн сайын туура кам көрүүнүн лайфхактарын сурап көрдү.
№1 кеңеш: Тишиңизди үзгүлтүксүз жана туура тазалаңыз. Ооздун гигиенасын туура сактоо оңой иш эмес.
Тишиңизди дайыма жууп туруңуз, тамак ичкен соң күнүнө жок дегенде 2 жолудан. Жатар алдында тишти жуу кариестен сактайт.
№2 кеңеш: Тиш щёткасын туура тандаңыз.
Тиш щёткасын туура эмес тандасаңыз же аны колдонууну үйрөнбөсөңүз, эң жогорку сапаттагы жана эң кымбат паста да сизди кариес жана башка көйгөйлөрдөн куткарбайт. Тиш щётка сатып алаарда анын катуулук даражасына көңүл буруңуз. Эң кеңири таралган вариант - орто катуулуктагы тиш щёткалары. Ал беш жаштан ашкан балдарга жана чоң кишилерге ылайыктуу болуп саналат. Аны үч айда бир жолудан кем эмес алмаштырыңыз.
№3 кеңеш: Тиш жибин колдонуңуз.
Жада калса эң "өнүккөн" тиш щёткасы да ооз көңдөйүн толук тазалай албайт. Атайын тиш жибин колдонуңуз. Стоматологдор аны күн сайын колдонууну сунушташат - ал тамак-аш калдыктары калып калуусуна, такталар (Зубной налёт), кариес жана ооз көңдөйүнүн ар кандай ооруларына алып келбейт.
№4 кеңеш: Оозуңузду атайын каражаттар менен чайкаңыз.
Тишти күн сайын жуугандан тышкары, эртең менен жана кечинде оозуңузду атайын чайкоочу каражаттар менен чайкаңыз. Бүгүнкү күндө рынокто ар кандай өндүрүүчүлөрдүн көптөгөн чайкоочу каражаттары бар. Табигый ингредиенттер басымдуу болгон препараттарга көңүл буруңуз, мисалы, пробиотиктер. Алар ар кандай эффективдүү таасир этет: микроорганизмдерди камтыйт, тиштин сезгенүүсүн алдын алат, тиштерди кариестен коргойт жана демди сергитет.
№5 кеңеш: Стоматологго дайыма барып туруңуз.
Стоматологиялык ден соолук туура ооз гигиенасы менен гана аныкталбастан, ошондой эле башка көптөгөн факторлор менен аныкталат. Туура эмес тамактануу, стресс, уйкунун жетишсиздиги, иммунитеттин төмөндөшү да тиштердин, бүлөлөрдүн абалына терс таасирин тийгизет. Андыктан тишиңиз оорубаса да сөзсүз түрдө профилактикалык текшерүү үчүн жылына 2 жолу тиш доктурга кайрылыңыз.