Бишкекте жасалма МАИ кызматкеринин формасын кийип, унааларды текшерип жаткандар аныкталды

Социалдык тармактарда эки жарандын өзүн МАИ кызматкери кылып көрсөтүп, жол жээгинде унааларды токтотуп жаткан видео тарап, талкууга алынды. Алар күбөлөргө документтерин көрсөтүүдөн баш тартышкан.

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аталган окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Видеодогу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызмат кийимин кийип турган жарандар 26 жаштагы А.Т. жана 18 жаштагы А. у. К, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин катарында кызмат өтөбөйт.

Бул видео материал боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат, териштирүүнүн жыйынтыгында толук маалымат беребиз", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан