Кыргыз улуттук тарых музейине алтын жалатылган өзгөчө комуз тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-август күнү Улуттук тарых музейине өрүк багынан жасалып, таза алтын жалатылган өзгөчө комуз тапшырылды.
"Ата-бабалардан мурас катары сакталып келген комуз жеке ишкер тарабынан бешинчи ирет жасалган. Эки комуз буга чейин өткөрүлгөн 2015-жылы Ош шаарында өткөн айтыштын жеңүүчүлөрүнө тапшырылып, үчүнчүсү жакын арада өтө турган акындардын айтышында тапшырыла турганы белгилүү болду. Ал эми төртүнчүсү "Сулайман-Тоо" Улуттук археологиялык музей комплексине тапшырылган.
Өрүк комузду Марат Берикбаев чаап, аны зергер Али Мамарасулов алтынга ширеткен", - деп жазылган маалыматта.