Бакыт Төрөбаев: "Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу - бүгүнкү күндүн талабы"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 12-августта Жер жана Суу кодекстеринин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмесин өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кеңешмеге Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн адистери катышты.

Жумушчу топтун отурумунда Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоору боюнча алгылыктуу сунуштарды киргизүү жана белгиленген мөөнөттө кодекстерди иштеп чыгуунун зарылдыгын баса белгиледи.

"Жер жана Суу кодекстердин кабыл алынганына 20 жылдан ашык убакыт өттү, ошондуктан учурдун талабына жооп берген мыйзам кабыл алуу керек. Бул кодекстер жерди жана сууну жаратылыш ресурсу катары, ошол эле учурда базар мамилелердин объектиси катары караган ченемдерди камтышы зарыл", - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары ал кодекстерди иштеп чыгууга жылдын аягына чейин убакыт берилгенин айтып, отурумдун катышуучуларын буга олуттуу мамиле кылууга чакырды. Аны менен бирге мыйзам долбоорунда бири-бирине карама-каршы келген ченемдери бар экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан