Ошто директорлорду тандоо сынагын 88 талапкер гана ийгиликтүү тапшырды

Кечээ, 13-августта Ош мамлекеттик университетинде Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтерин 541 жаран тапшырган. Сынактын биринчи этабында 169 талапкер документтеринин толук эмес пакетин тапшырып, натыйжада экинчи этапка өтпөй калган.

Тестирлөөгө кирүүгө 372 талапкер укук алып, 13 катышуучу келбей калгандыктан, 359 жаран тест тапшырды.

Жыйынтыгында 88 талапкер босого жана андан жогору балл алган, бул катышуучулардын 25 пайызын түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан