Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Венгриянын парламентинде өтүп жаткан курултайда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азамат Жаманкулов Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында Венгриянын парламентинде өтүп жаткан курултайда сөз сүйлөдү.
Анда ал Кыргызстанды дүйнө жүзүндө белгилүү кылган заманыбыздын залкары, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу токтолуп, анын чыгармаларынын негизинде дүйнөгө жаңы түшүнүктөрдү алып келген, дүйнө коомчулугунун ойлонтууга, жалпы адамзаттын түйшөлтүп келген суроолорго жооп берип, андай кыйын күндөрдө бирге жеңүүгө чакырык жасаган жалпы түшүнүктөр тууралуу баян жасады.
Азамат Жаманкулов ошондой эле Кыргызстанда өтүп келе жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине маданий мурастарды сактоо жана өркүндөтүү багытындагы эң мыкты деп практика тааныганын айтып, тарыхы жана тамыры бир венгер элин төртүнчү жолу өтө турган Түркиядагы көчмөндөр оюндарына катышуусуна чакырды.