Убактылуу токтотулган Бишкек-Балыкчы поезд каттамы кайра жанданды. Маалыматты "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашат.
Мекемеден билдиришкендей, эртең, 15-августтан тарта Бишкек-Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездинин каттамы жанданат.
Убактысы:
№608 Бишкек-2 – Балыкчы поезди Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 11:42де жетет.
№609 Балыкчы – Бишкек-2 поезди Балыкчы бекетинен саат 17:48де чыгып, Бишкек-2 бекетинен 21:50дө келет.
Эскерте кетсек, буга чейин Боом капчыгайында селдин кесепетинен Бишкек-Балыкчы каттамы убактылуу токтотулган.