Тюменде 2-декабрда адам өлтүрүүгө шектелген 29 жаштагы Төлөгөн Жолчиевге
карата сот актоо боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Тюмендеги “Биримдик” кыргыз
диаспорасынын директору Канзада Смановага шилтеме берип, “Замандаш”
ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, адам өлтүрүү
кылмышы 2013-жылы февраль айында болгон. “Жолчиев 11-февралда кармалып, Орусиянын
Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренесине ылайык баш коргоо чарасы менен
камалган. Кылмыш ишинин козголушуна күбөлөрдүн берген көрсөтмөсү себеп болгон. "Тергөөчүлөр Төлөгөн менен чогуу бир батирде жашагандарды сабап, жалган
көрсөтмөгө кол койдурушкан. Алардын экөөсү кийинчерээк депортация болуп, Орусиядан чыгарылган” деп айтылат маалыматта.
Кыргыз диаспорасынын жетекчилеринин айтымында, күбө орус тилин
билбегендиктен, тергөө учурунда бардык документтерге кол коюп берген. “Котормочулар
Өзбекстандын же Тажикстандын жарандары болгондуктан, туура эмес которуп бериши
мүмкүн. Апрель айында кыргыз диаспорасы иликтөө иштерине аралашып, соттук
отурумдарга катыша баштаган. Тажрыйбалуу адвокаттын чогулткан маалыматтарынан
улам, 2-декабрдагы соттук отурумда Төлөгөн сот залында бошотулду”,- деп билдирет Сманова.
Азыркы тапта Тюменде Кыргызстандын 13 жаранына кылмыш иши козголгон. Анын ичинен адам өлтүрүү боюнча 2, зордуктоо
боюнча – 7, калган кылмыш иштери уурулук беренеси боюнча.