Өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зомбулук темасында баяндама даярдалууда

Акыйкатчы аппараты Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата зомбулук темасында альтернативдүү баяндама даярдап жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баяндама акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен даярдалууда.

Абдрахматова ушул багытта иштеп жаткан кризистик борборлор ассоциациясы, "Шанс", "Сезим" кризистик борбору, Балдардын укугун коргоочулар лигасы уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, баяндама боюнча маселелерди талкуулады.

Баяндама укук коргоо тармагына реформа жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун күчөп бараткан көйгөйүн коомчулукка жеткирүүгө багытталган.

Мындан тышкары акыйкатчы менен зомбулуктан жапа чеккендерге психологиялык, юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлордун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдар даярдалып жатканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан