Жаманкулов баштаган кыргыз делегациясы Венгрияда гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган кыргыз делегациясы Венгрияда өтүп жаткан гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданият күндөрүнө катышууга барган Кыргызстандын чыгармачылык тобу курултайдын алкагында концерттик программа тартуулашты.

Улуу курултайга Венгрия парламентинин вице-спикери Шандор Лежак, Түрк мамлекеттер уюмунун президенти Багдад Амреев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Венгриянын Туран ассоциациясынын президенти, Курултайдын негиздөөчүсү Андраш Жолт Биро катышты.

Азамат Жаманкулов курултайдын расмий ачылышында сөз сүйлөп, ата-баба мурасынын маңызы болгон маданият майрамы менен куттуктады.

Улуттук баалуулуктарга, өздүк өзгөчөлүктөргө, алардын сакталышына, жайылышына кам көрүп, түпкү маанисинин бурмаланышына жол бербей, бар турпатын барктап, сырткы таасирден коруп, өркүндөтүп-өстүрүү мезгил талабы деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Курултайдын программасында "Атилланын боз үйүндө" көргөзмөнүн ачылышы; аренадагы демонстрациялар, илимий баяндоолор, көчмөндөр жүрүшү, концерттик программа, "Аскерлердин парады", салтанаттуу оюн-зооктор менен желектердин парады коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан