Түркияда үйүнүн короосунда ойноп жаткан эки жашар кыз жыланды тиштеп өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, коңшулар катуу кыйкырыктан улам чуркап келишкен. Келгенде ойноп жаткан эки жашар кыз жыланды тиштеп турганын көрүшкөн. Алгач жылан кызды оозунан тиштегенде кыз жооп иретинде жыланды тиштеп, аягына чейин коё берген эмес.
Жыйынтыгында жылан өлүп, дарыгерлер оозунан жаракат алган кичинекей кызды текшерүүгө алышкан, анын акыбалы жакшы. Баланын атасы кызы менен сыймыктанып жатканын айткан.