УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылды. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, Сегизбаев ИИМге кечээ, 14-август күнү кечинде сурак берген.
Буга чейин Абдил Сегизбаев "Жетим-Тоо" кенин иштетүүгө каршы экендигин билдирип, кайрылуу жасаган.
Эске салсак, кечээ, 14-августта өлкө башчы Садыр Жапаров "Жетим-Тоо" кенинин айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берген. Анда өлкө башчы "Жетим-Тоону" иштетүүгө каршы чыккан активисттер менен саясатчыларды элди алдаганды токтотууга чакырган.