"Ала-Арча" капчыгайында эркек киши тоодон кулап кетти. Ал дайынсыз болууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында эркек адам тоодон кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 14-август күнү "Ала-Арча" капчыгайынын жогору жагында "Учитель" чокусунан түшүп келе жатып 1 эркек киши тоодон кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Эдельвейс" куткаруучулар тобунан 6 куткаруучу тартылып, саат 20:30да "Ала-Арча" паркына жетишкен. Куткаруучулар "Хижина Рацека" альпинисттердин лагерине жетишип, кеч киргендигине байланыштуу куткаруу иштери бүгүн, 15-августта жүргүзүлөт.

Министрликтен бул кырсык тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан