Мектеп администрациясы ата-энелерди 8 миң сомго форма сатып алгыла деп мажбурлап жатышат. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Мага ата-энелер мектеп администрациясы 8 миң сомго бирдиктүү форма сатып алгыла деп мажбурлап жатканын жазып жатышат. Ал эми башка мектепте форманы буюртма менен тигүүгө мажбурлап жатышыптыр. Анан эртең жеткирүүчүлөр, тигүүчүлөр мектептен буюртма алганы келишет. Пандемия балдардын билим сапатына атайын форма эмес, мугалимдердин кесипкөйлүгү таасир этерин көрсөттү. Анын үстүнө буга чейинки кочкул кызыл жана башка түстүү костюмдар сапатсыз, ыңгайсыз болчу. Ата-энелер азык-түлүк, окуу куралдары кымбаттаганынан атайын форма сатып алганга акча жок экенин, балдар колунда бар форманы кие турганын жазып жатышат", - деп жазды Турдубекова.
Маалыматта жазылгандай, укук коргоочу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачевага жана Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгына кайрылды.
"Мектеп жетекчилеринен мектеп формасын 8 миң сомго сатып алуу үчүн тигүүчүлөргө буюртма берүүнү токтотууну талап кылгыла, бул коррупциянын белгиси.
Пандемиядан соң ата-энелер дагы деле кризистик абалда, баалар көтөрүлдү, алар балдар үчүн салттуу стилди калтырууну суранып жатышат. Ата-энелердин өтүнүчтөрүнө көңүл бурсаңыз ыраазы болот элем", - деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү министрлиги мектеп окуучулары үчүн классикалык форма болорун айткан.