Баткенде өспүрүмдөргө көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Баткен шаарында милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактысынын алдын алуу боюнча Баткен, Төрт-Гүл, Кызыл-Жол каналдарында көзөмөлсүз, өз алдынча сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Каналдардын жээгинде жашаган үй-бүлөлөр менен профилактикалык иштер өткөрүлүп, эскертүү актылары берилип жатат.
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте атайын рейддер уюштурулуп, кооптуу каналда сууга түшүүгө тыюу салынгандыгы боюнча балдардын ата-энелерине эскертүүлөр берилгени айтылат. Ошондой эле канал жээгинде жашаган 37 кожолук текшерилип, 73 жаран 18 өспүрүмгө түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү маалымдалат.