Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу берилбейт (Тизме)

16-август жана 17-августта борбор калаанын айрым райондорунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы өз ишин улантууда. Ага ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №83 турак жайдын электр энергияга кошулуусуна байланыштуу 8-кичи райондогу №47 үйдүн насостук станциясын өчүрүү керек.

Эртең, 16-августта саат 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү турак жайларда таза суу берүү токтотулат:

8-кичи район. №45, №46, №47, №45/1, №46/1, №46/4; Токомбаев көчөсү, №45/2.

Кошумчалай кетсек, 17-августта саат 10:00дөн 17:00гө чейин Кумарык көчөсүндө жаңы суу линиясынын тартылышына байланыштуу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайларга суу берүү токтотулат. Анда Дэн Сяопин кең көчөсү - Трудовая көчөсү - Пишпек көчөсү - Кеңсуу көчөсү чектешкен аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт.

"Бишкек суу канал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкка жана мекемелерге ичүүчү сууну камдап алууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан