"Жаназа окулду". Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери токтотулду

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп изделип жаткан 4 жашар Аишага жаназа окулду. Бул тууралуу анын атасына байланышканыбызда билдирди.

Анын айтымына караганда, кызга жаназа 12-августта окулган.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери 24 күнгө созулганына байланыштуу токтотулду.

"Куткаруучулар жана суучулдар издөө иштеринин бардык мезгилинде нормадан ашык иштегенин белгилейбиз. Издөө иштери саат 5:00дөн 21:00гө чейин жүргүзүлгөн. Суучулдар 20 метрден ашык тереңдикке чейин кирип, көлдүн бетинде жана жээгинде издөө иштери жүргүзүлдү, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок", - деп айтылат маалыматта.

Издөө иштерин токтотуу чечими куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде кабыл алынган. Анда чөгүп кеткендерди издөөгө 20 күндүк мөөнөт каралганы айтылат.

Эске салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан