“УДАР” партиясынын
лидери жана бокс жылдызы Виталий Кличко Украинанын президенти болууга дилгирлигин
билдиргенин бүгүн, 4-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка
караганда, Киевдеги нааразычылык акциясы дагы да болсо уланууда. Бүгүн, 4-декабрда 200гө
жакын демонстранттар Украинанын Өкмөт үйүнүн имаратынын негизги эшигин тосуп, президент менен өкмөттүн кетүүсүн талап кылууда. Аларга каршы бийлик
тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөндүгүн чет элдик маалымат каражаттары
билдиришүүдө.
Ал ортодо
премьер-министр Николай Азаров иш сапар менен Евробиримдикке жана Москвага эки
делегацияны жиберерин маалымдады. Анын айтымында, бир делегация Москвага “Орусия
менен болгон стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө” үчүн барса, экинчиси Брюсселге
“Евробиримдикке кирүү тууралуу келишим боюнча” сүйлөшүүлөрдү кайрадан улантуу максатында
аттанат.
Белгилей кетсек, кечээ, 3-декабрда парламентте оппозиция депутаттары
Николай Азаровго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгып, бирок жетиштүү
деңгээлде добуш ала алган эмес. Премьер-министрди кызматтан алууга 40 добуш
жетпей калган.
Оппозиция өкүлдөрүнүн Украина президенти Виктор Януковичти отставкага кетирерине үмүтү чоң. Алар улам жаңы билдирүүлөр менен президенттин кызматтан чегинишин талап
кылышууда. Бул тууралуу Виталий Кличко маалымат каражаттарына маек берип жатып “Эгерде
акция натыйжалуу болуп Янукович кызматтан кете турган болсо,
президенттикке өзүм ат салышам" деп кошумчалаган.
Анын айтымында 20 жылдан бери мамлекетте
эч нерсе өзгөргөн жок. Жумушсуздуктун саны өсүп, реформалар ишке ашкан эмес.