Ошто 61 жаштагы жаран мас абалында таанышын өлтүрүп алды

Ош шаарында киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү И.К. аттуу таанышы менен 12-августта «Винт» бильярд клубунда жолугушуп, бильярд ойноп, алкоголдук ичимдиктерди ичишкен.

Клубдан чыккандан кийин шектүүнүн үйүнө барып дагы спирт ичимдиктерин ичүүнү улантышкан. Андан соӊ көчөгө чыгышканда өз ара чырдашып, андан соӊ мушташып кетишкен. Натыйжада шектүү унаасынан бычак алып чыгып, таанышын сол жак көкүрөгүнө сайып жиберген. Натыйжада ал алган жаракатынан улам каза болгон.

Шектүү Ө.А. таанышы мас абалда аны ура баштагандыктан кармана албай унаасында турган бычак менен сайып жибергендигин билдирген. Шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилип жатат.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүүгө карата Кылмыш кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) белгилерине ылайык кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан