Эне тилге эки мүнөт: "Дүңк дей түшүү", "куш тилиндей" фразеологизмдеринин мааниси

Эне тилге эки мүнөт рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "бир бозоруп, бир кызаруу", "дүңк дей түшүү", "куш тилиндей" фразеологизмдеринин маанисин чечмелеп көрдүк. Аталган фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бакытбек Жунусалиев түшүндүрүп берди.

Бир бозоруп, бир кызаруу - оңтойсуз абалда калуу, уят болуу, шагы сынуу. Мисалы: "Шыпыргыны колуна алып, кулакчынды кулагына салып алып музыка угуп, бийлеп жаткан Шааркан эшиктен кирип келген кайнагасын көрүп, бир бозоруп, бир кызарып туруп калды".

Дүңк дей түшүү - сөз же кабардын тез эле элге жайылып кетүүсү. Мисалы: "Алмабектин баласы кызматынан түшүптүр деп айыл ичи дүңк эле дей түштү".

Куш тилиндей - 1. Кенедей, кичинекей; 2. Кыскача, кыска. Мисалы: "Чабарман эч нерсе айтпастан, үй ээсине куш тилиндей кагазды сунду".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан