Бишкектен Ат-Башыга маршруттук такси айдаган айдоочу баңгизат колдонгону аныкталды

Бишкектен Нарын облусунун Ат-Башы районуна маршруттук такси айдап иштеген айдоочунун баңгизат колдонгону аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, текшерүү учурунда Ат-Башыга каттаган №575 маршруттук унаанын айдоочусу баңгизат каражаттарын колдонуп алып каттамга чыккандыгы аныкталып, тийиштүү протокол толтуруу менен унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Андан сырткары терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан троллейбустар, техникалык бузуктары жана кошумча жабдыктар менен жабдылган маршруттук унаалар аныкталып, жалпысынан 110 миң сомго айып салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан