Кыргызстандык 3 окуучу информатика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада (34th IOI 2022 Indonesia) Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө Ардак грамота менен сыйланды.
International Olympiad in Informatics - бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн 4 мыкты мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 349 окуучу катышты.