Бүгүн, 15-августта облустук борборлордо “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча сабак бере турган тарых сабагынын мугалимдерин жана теологдорду окутуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, жалпысынан 35 тайпа өз ишин баштады. Ар бир тайпада бирден мугалим жана бирден теолог сабак өтүүдө.