"Кабар" маалымат агенттиги мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун "Манастын уулу Семетей" тасмасын сындагандарга жооп берген пикирин жарыялады.
"Манастын уулу Семетей" көркөм тасмасы жөнүндө өз жүйөлөрүбүздү келтирели, пикирибизди айталы, бирок өткөндөн сабак алып, Абыке-көбөшчүлүк деңгээлине түшпөйлү.
Ар замандын өз талабы бар, ошого жараша кайсы бир жанрдагы чыгарманын башка бир жанрга трансформацияланышы же жалгашып туруусу мыйзам ченемдүү нерсе: ошондой болгон, ошондой болот. Андай чыгармачылык мамиледен "Манас" эпосу да четте калган жок, дастанды кагазга түшүрүү, башка тилдерге которуу, китеп кылып чыгаруу амалдары XIX кылымда эле башталган. Анын башатында окумуштуулар Чокон Валиханов менен Василий Радлов турат. Бул дагы элдик оозеки чыгарманы трансформациялоонун бир таризине кирет. Эмне, мунун баары "Манасты" кордогонго жатабы?
Өмүрзак Төлөбековдун жаңыдан тартылып бүткөн "Манастын уулу Семетей" тасмасы деле калк сынына коюлганы турат. Анын чыныгы дарамети ошондо чындап байкалат, күтө туралы. Кыргызда бир жакшы кеп бар "Качкан дагы Кудай дейт, кууган дагы Кудай дейт". Кимиси кууган, кимиси куулган, кимиси калп да, кимиси чын, аны Жараткан өзү ылгайт, сабыр кылалы, күтө туралы…", - деген Касмамбетов.
Буга чейин тасманы көрүүчүлөргө тартуулоого айрым манасчы, жарандык активист, блогерлер каршы чыгып, бийликке кайрылуу жолдошкон. Анда тасманын сценарийи эпостун салттуу вариантынын мазмунуна шайкеш келбей турганы айтылган.
Кинонун продюсери Өмүрзак Төлөбеков айтылып жаткан дооматтарды четке кагып, SUPER.KG порталына тасма жабык көрсөтүүдө сынчылардын сынынан өткөнүн, 25-августтан тарта борбор калаадагы кинотеатрларда көрөрмандарга тартуулана баштарын билдирди.